Биз социалдык тармакта

Кытайдан ишкерлердин 47 вагон товары алып келинди (видео)

Кыргыз өлкөсүнө Үрүмчүдөн ишкерлердин товарларын жүктөгөн 47 контейнер вагону менен алгачкы экспресс поезд келди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков билдирди.

"Мунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет, анткени бул контейнерлерде Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынан түз экспресс аркылуу жеткирилген Кыргыз ишкерлеринин жүктөрү бар. Социалдык тармактардын колдонуучулары жүктөрдү жеткирүү көйгөйүн менин баракчаларымда бир нече жолу белгилеп, айтышкан.


Бул контейнерлерде акыркы жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жеткирүүдө чоң кыйынчылыктарды башынан кечирген "Дордой" соода комплексинин ишкерлеринин жана башка ишкерлердин жүктөрү бар. Белгилүү болгондой, акыркы үч айда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер-министри, учурдагы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бир топ иштер аткарылды. Анын ичинде Кытай менен жүк ташуу санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду", - деп жазды Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz_bloger
2021-02-08 22:21:43
Бул жуктор кайсы жак менен келди,мындай жол менен алып келсе болот экен,анда эмнеге Кыргыз,Кытай,Озбекстан темир жолун куруш керек деп айтып келишет?
+1
TIMON_BERKOWITZ
2021-02-09 00:16:27
Kyrgyz_bloger, Урумчи - Алматы - Тараз - Бишкек.
+3
Kuban-1207
2021-02-09 08:27:31
Kyrgyz_bloger,иши кылып келди да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан