Биз социалдык тармакта

Москвадагы театралдык окуу жайга абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу башталды. Шарттары

Орусиядагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайга бюджеттик негизде абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Орусиянын Москва шаарындагы мамлекеттик академиялык кичи театрынын алдындагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайына 2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде актёрлук чеберчилик боюнча Драма театрынын жана кинонун актёру адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алуу башталды.
Окуу мөөнөтү 4 жыл. Окуу Орусиянын мамлекеттик бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
Ал үчүн төмөндөгүдөй тапшырмаларды билүүсү жана аткаруусу зарыл:
  • Көркөм прозалык чыгармалардан монолог айтуу (3-7 мүнөт);
  • Тамсил (2-5 мүнөт);
  • Этюд. Маанилүү окуясы бар кыскача сюжетти үнсүз аткаруу. (2-4 мүнөт);
  • Ыр. Поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу. (1-3 мүнөт);
  • Ыр. Обондуу чыгармалардан ырдоо же бий өнөрү боюнча бийлеп берүү (2-5 мүнөт).
Окуу жайга кабыл алуу 3 турда өткөрүлүп, атайын түзүлгөн комиссиянын курамынын кароосунда тандалат:

1-тур: Кыргыз өлкөсүнүн жети облусунун борбор шаарларындагы театр оюн-зоок мекемелеринин имаратында 2021-жылдын 20-февралына чейин;

2-тур: Бишкек шаарында 2021-жылдын 1-мартына чейин, Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өтөт.
3-тур: Эки тур жыйынтыкталгандан кийин кошумча кабар берилет.
Белгилей кетсек, кошумча маалыматты облустук театрлардан сурап билсе болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан