Бишкек шаарындагы Кулиев жана Пушкин көчөлөрүндөгү сойкуканаларга жана мейманканаларга рейд жүрдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 5-6-февраль күндөрү жүргүзүлгөн.
"Алдын-ала иш-чаралар жүргүзүлүп, интимдик кызматтарды көрсөтүүдө ишке тиешеси бар адамдар аныкталды. Иш-чаралардын жүрүшүндө эки аял аныкталды. Алар Биринчи Май РИИБине аты-жөнүн тактоо үчүн жана мыйзам бузууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүү үчүн алып келинген", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, күнүмдүк мейманканалардын ишмердүүлүгү дагы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.