Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан кетти

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында Жылдызбек Исакулов кызматкерлерге колдоосу жана биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирип, фонд мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн жооптуу экендигин белгиледи.

"Бир жарым жыл ичинде биздин фонддун иши ачык-айкын болуп, бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткардык. Ошол себептүү мындан ары дагы ак ниеттүүлүк менен ишти улантуу керек", - деп билдирди Исакулов.

Белгилей кетсек, Жылдызбек Исакулов бул кызматка 2019-жылы август айында дайындалган. Ал Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Буга чейин 2018-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп эмгектенген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан