Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кадамжай районунун жашоочусу кайрылган. Ал аталган аймактагы жол көйгөйүн айтып, айласыз акыбалга келген жолдун видеосун салып жиберген. Ал аймакта жол кырсыгы катталып, 2 кыздын буту эзилип, жанчылып калганын айткан.
Аталган окуя боюнча Кадамжай шаарынын мэри Бакыт Бегалиев: "Окуя жүк ташуучу унаа бурулган учурда болгон. Анда жолдон 2 кыз өтүп бара жаткан. Азыр бул боюнча милиция кызматкерлери, министрликтин өкүлдөрү жана мэрия биргеликте иштеп жатышат. Жабыркаган 2 кыз ооруканада", - деп билдирген.
SUPER.KG порталы жабыркаган эки кыздын абалын сурады.
Кадамжай шаарынын аймактык ооруканасынын жетекчиси Залкарбек Баймуратов кыздардын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Жабыркагандар Элиза Жапарова жана Гүлжахан Имарадилова 2004-жылы туулган. Экөө тең Таш-Дөбө айылынын жашоочулары. Алар Кадамжай шаардык ооруканасына келип түшкөн.
Элиза Жапарованын сол жамбаш сөөгүнүн төмөнкү үчтөн бири жабык сынган. Бүгүн операция жасалып жатат.
Гүлжахан Имарадилова бир күн ооруканада жатып, ата-энесинин каалоосу менен Ошко текшерүүдөн өткөрүү үчүн алып кетишкен. Абалы орто болчу", - деди дарыгер.