Биз социалдык тармакта

Атын Стамбул коёбуз. Кыргыз аял Стамбул шаарынын аэропортунда көз жарды

26 жаштагы Кыргыз келини Стамбул шаарынын аэропортунда көз жарды. Бул тууралуу түркиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кабылжан Шакесанам жана жолдошу Мухамадал Исмаилов Санкт-Петербургдан Анкара шаарындагы эжесинин баласынын тоюна бара жатышкан. Алардын ымыркайы болжолдуу түрдө 21-февралда жарыкка келмек.

"Бирок, Стамбул аэропортундагы паспорттук текшерүүдөн өткөндөн кийин, кош бойлуу аял өзүн жаман сезе баштаган. Аэропорттун дарыгерлер тобу ымыркайды терминалда эле жарык дүйнөгө алып келишкен. Натыйжада, эне аман-эсен 3 килограмм 200 грамм салмактуу кыз төрөдү. Эне-бала төрөттөн кийин дароо ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул үй-бүлөнүн үчүнчү баласы. Алардын буга чейин бир уул, бир кызы бар. Атасынын айтымында, алар ымыркайга Стамбул деген ысым берүүнү пландап жатышат, ошондой эле кыздын Түркиянын жараны болушун каалашат. "Кыргыз консулдугу бизге бул мүмкүн эмес деп айтты, бирок алар эмне себептен экенин айтышкан жок", - деп жыйынтыктады Мухамадал Исмаилов.

Кыргыз аял Стамбул шаарынын аэропортунда көз жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nina.alex
2021-02-09 15:51:50
Койгулачы эми Стамбул дебей. Атканада торолсо аткана коймок беленер
+9
Bazana
2021-02-09 17:24:51
Nina.alex,маанайды котордунуз)
+3
Nina.alex
2021-02-09 15:53:01
Кыз болсо аты Стамбул болсо ужас. Кошмар
+6
Shekeev969798
2021-02-09 15:54:39
Ай ушул манкурттар тойгозот да! Башка олконун жаранын эмне кыласын сен Туркиянын жаранын алсан эле турк болуп калбайсын!!! Кыргыздар кичине намыстуу бололучу кай жерге барсанар да каерде журсонор да аман болгула!!! мен учун кыргызстандын жаранынан баш тартып башка олконун жараны болгондор САТКЫНДАР!!!
+1
Diyana
2021-02-09 16:12:04
Кыргыздар популярдуу болуп бутмой болдук, 2-3жыл мурда бироо самолётто тороп, жакындале Москвада метродо тороп, эми аэропортто. Тороту жакын болсо транспортко тушпой уйдоле отурушпайбы деймда.
+5
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-09 18:07:46
Аэропортто торолсо эле атын коюп анан жарандык сурай бересинерби?Жарандыкты 10 жылдап жургондор аран алып жатат ошол жактан чыкпай алып жатышат.Элестеткиле,кийин атын ким десе Стамбул деп жатканын.Силерге куноо коёт жакшыраак ат койбойт беленер тем более 21 кылымда деп.
+4
Nina.alex
2021-02-09 19:14:31
Бишкек аттуу жигит менен таанышып калса кийин. Бишкек Стамбул болуп журо беришет экенда
+1
bond02
2021-02-09 20:09:22
Стамгул деп койгула да бир жолу эле.
0
Paol
2021-02-09 20:15:06
Конечно өзүнөрдүн ишинер ким коюш, бирок болбойт эй кийин силерге эмес кызга эле жаман
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан