Биз социалдык тармакта

ИИМ зордукталган эмес дегенине карабастан жактоочу казармандык кыздын видеосун таратууда

7-февраль күнү социалдык тармактарга Алтынбек Артыкбек уулу аттуу жаран бир тууган карындашыма таята, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт деген видеону ЖМКларга тараткан болчу.

SUPER.KG порталы кыздын бир тууган агасы менен байланышып, андан комментарий алган эле. Анда Артыкбек уулу карындашын Бишкек шаарына алып кетүү ою менен таята, таенесинин үйүнө барганда алар каршы болушуп, кызды таенеси сабаганын айткан. Бул окуянын экинчи тарабы болгон, кызды сабады деген таене менен SUPER.KG порталы байланышкан.

Анда кыздын таенеси: "Кызды 3 жашынан бери багып келе жатам. Шаардан агасы келип, алып кетем деди. Ошондон улам уруш чыкты. Эми кетип каякка барат, мен багып келе жатам. Алып кетем деген неберемди дагы мен баккам. Мен "үй салдыңбы?" деп сурасам жок дейт. Батирде жашайм, ошол жакка кызды алып кетем дейт. Эми ойлосоңор, кыздын буту баспаса, батирде жашаса, аны кантип багат? Анын булганган кийимдерин ким жууйт? Мен бербейм дедим. Кызым өлгөндөн кийин ушул неберелеримди эмне деген азап менен бактым. Эмне деген кордукту көрдүм", - деп айтып берген.

Ал ортодо ИИМ бул окуя боюнча маалымат таратып, окуя боюнча атайын кызматкерлер жерине барганын, дарыгерлер менен текшерүү учурунда кыз зордуктоого кабылган эместигин билдиришкен. Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБине катталып, милиция кызматкерлери арызда көрсөтүлгөн дарекке райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте барып, 1996-жылы туулган кыз А.А. менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана таенеси А.У.дан түшүнүк каттар алынган.

Анда жабырлануучу кыз өзүнүн берген көрсөтмөсүндө таятасы тарабынан зордуктоо болгон эместигин билдирген.

Бүгүн, 9-февралда жактоочу Шердор Абдыкапаров Казарманга барып кызды Бишкекке алып келе жатышканын айтты.

"Биз кече кечинде Казарманга келдик. Кызга жолуктук. Биз кайрадан соттук-медициналык экспертиза жасадык. Себеби биринчиси жыйынтык туура эмес чыкты, ал эми экинчи жыйынтыкта кыздын кыздык белгиси жок болуп чыкты. Ал арыз жазды. Азыр биз Бишкекке сапар алдык", - деп билдирди жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nina.alex
2021-02-09 17:25:43
Ошо да. Шумдук жаман таенеси бар экен. Таятасында соз жок. Кызынын арбагынан коркушпайт ко
+3
bema_bema
2021-02-09 18:02:05
Багып чонойтду деп эле жаап жашыра бериш керекби,кылганын мойну менен тартыш керек.Алсыздарды кордосо боло беребекен.Молодец жактоочу экен акчасы жокторго жактоочу болбой качкандар канча.Карапайым калктын акчасы жок,жактоочуга канчалаган адамдар ак жеринен камалып кетип атат.Акырына чейин чыгасыз деген умуттомун.
+7
nazira...
2021-02-09 19:15:13
Шердор Абдыкапаров ошо туура жыйынтык чыгара албаган врачтарды да кош. Балким сатылгандыр, же тууганы чыгаттыр таятасына. Айылда баш көтөрбөй басып калышсын таята таенеси, акмактар кудайдан коркпогон. Не деген заман болуп атат, кудай жаиандыктардан сактаа жараткандарыны.
+2
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-09 19:27:02
Бул кыз эмне болуп инвалид болуп калган?Ата энеси оло электе атасы мас болуп 4 этаждан ыргытып жиберген.Кир жайган зымдарга илинип отуруп кумга тушкон.Буту менен тушуп калган боюнда барында.Ошондон улам ушундай торолгон.Таенеси психический ооруйт,унунон эле корунуп турат го.Азыр башка балдары уят болдук деп отурушат.
+3
Nina.alex
2021-02-09 20:06:44
Aiymkunumjyldyzym,жаман окуя экен
+1
nazira...
2021-02-09 20:21:47
Уят болгонду башында ойлошпоптурбу. Жетимге да ушундай мамиле кылабы, кудай эч кимге салбасын мындай шумдукту. Байкуш кызга эле кыйын болуптур, ыйы апасына жеткен окшойт.
+1
Nursul
2021-02-10 15:00:38
Уят уят уят шерменде өзүңөрдүн кызынарга кантип дитинер барат ушундай кылышка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан