Биз социалдык тармакта

"22 миң сомдук аракты жок кылууга аргасыз болдум" дейт түптүк тургун (видео)

Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын жашоочусу Эрболот Шаршеев дүкөндө сатылган спирттик ичимдиктерди сатып алып, талаага алып барып талкалады.

"Ата-энем дүкөн иштетет. Мен ичимдик сатпагылачы десем болбой, ушул убакытка чейин сатып келишти. Бүгүн, 9-февралда текчеде турган спирттик ичимдиктерди өз акчама сатып алып, баарын талкаладым. Жалпы жонунан 22 миң сом сарпталды.

Бул ишке барганымдын негизги себеби, спирттик ичимдиктер ичилбесе дейм. Анткени арак бар жерде ырыскы болбойт" - деди Шаршеев.

"22 миң сомдук аракты жок кылдым" дейт түптүк тургун (2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Baatirbek81
2021-02-09 23:06:07
Ичем деген киши жердин түбүнөн болсо даагы таап ичишет!
Көп эле айылдарды көрдүк жаштар чогулуп канча арактарын сатып алып талкалашты азыр ошол айылдарда арак кайрадан сатылып жатат.
+2
bond02
2021-02-09 23:22:01
Адамдын озуно нысап бербесе кыйын, заводун талкалап койсон деле таап алат.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-02-09 23:27:23
Аракты ким ойлоп тапты экен!
0
KaGaH
2021-02-10 01:11:08
Baktyluu_bolgum_kelet,орустардын улуттук ичимдиги
-2
Napaleon
2021-02-10 01:39:59
Молодец эркек экенсин, аракты сага окшоп жок кылгандар кобойо берсин.
+4
Nur777
2021-02-10 01:11:44
Туптук деген чон тамга менен жазылышы керек го ,жердин аты болгондон кийин...
Аракты жок кылганын жакшы,азамат!
+1
Diyana
2021-02-10 01:44:03
Nur777,кыргыз тилин жакшылап окусаныз тушунуп аласыз, -лык мучосу уланганда жердин аттары кичине тамга менен жазылат. Ушу бизди " кылдан кыйкым" издетип эле койсо
+3
ai_bi0914
2021-02-10 02:38:39
Diyana,Эң туура,азаматсыз!
+1
Nina.alex
2021-02-10 02:12:25
Бул эч натыйжа бербейт. Сен жон эле арак чыгарган заводдуу жана дукондун ээсин байыттын 22 мин сомго. Мен мындай корунушту акылсыздык жана азыркы тил менен айтканда пиар деп эсептейм. Аракты ичпеш керек . Ошондо кана туп тамыры менен жоголот. Эртен элп кайра ошол дуконго тизип коет. Дагы бир келесоо барып алып талкаоайт. Оптовик болуп кетесинер ошентип
+1
Mister-XXX
2021-02-10 13:45:02
Nina.alex,Ал өз ишин кылды,башкага үлгү көрсөттү.Эгер башкабыз да ошондой кылсак,арак заводун да банкрот болмок.
0
Agayu
2021-02-10 03:12:46
Ичпей койсон кутуласынго : адамдарга негизи тушунбойсун: куноону башкадан издейт : озу аппак
-1
akylbek.kg
2021-02-10 04:48:47
Бир нерсени окуганда бир аз ойлонуп,маанисине жетип анан комент жазгылачы бай болгурлар.Арак бул арам,жасаган да,саткан да,алып ичкен да бактылуу болбойт эч качан.Бул туугандын ата-энесинин магазини бар экен,аракты сатпай эле койунуздар дептир,анткени арамдан табылган акчада береке болбойт.Ушундай кылсам ата-энем сатпай калаар деген ой менен.Ал эми ичкен адам эми өзүнчө башка маселе,кантип ичет каяктан таап сатып алып ичет,бул эми ошолордун маселеси.Аллах ыраазы болсун сенден тууган.
+3
Rahat.
2021-02-10 07:17:43
Азаматсын эгерде ушундайлар кобойсо ажырашуулар азаймак жетим балдар азайат келечектеги балдар балалыгы коңулдүү отмок кочодо калгандар жоголот Деги койчу арака байланыштуу канча канча терс корунуштор бар .Ушундай иштер кобуроок болсун демекмин ишине ийгилик
+2
supish2017
2021-02-10 07:37:06
Азамат жигит экен.
Иштерине береке берсин эми
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан