Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылы 2 миң 700дөн ашуун өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттөрдүн кесепетинен 578 миллион 450 миң 837 сомдук материалдык чыгым келтирилген.
“2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө 2 миң 778 өрт кырсыгы катталды. Буга байланыштуу калкка өрт коопсуздугу жөнүндө эскертүү иштерин күчөтүү боюнча буйрук берилди", - дешти мекемеден.