Чүйдүн Панфилов районунда изделип жаткан эки өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө буга чейин 2004-2003-жылы туулган балдары 19-январдан бери дайынсыз болуп жатканын айтып, милиция кызматына алардын апасы арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кечээ, 9-февралда Ош шаарында табылган.
Өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп ата-энелерине өткөрүлүп берилди.