Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясында кайрадан кресло талаш: Митингчилер өздөрү туура көргөн талапкерди сунушташууда

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык мэриянын алдына 50дөй адам чогулуп, жаңы мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергеновго каршылыгын билдиришүүдө.

Митингге чыккандар өздөрү туура көргөн талапкерлерин сунушташууда. Алар "Мекенчил" партиясынын кандидаты Руслан Тагаевди туура көрүп жаткандыгын билдиришүүдө.

"Бишкек шаары өнүксүн, өссүн десеңер эл сунуштаган талапкерди колдоп берүүңүздөрдү сунуштайбыз. Ууру жегичтерди көрөлү деген көзүбүз жок. Таза, ичинде кири жок, элим деп күйгөн инсандарды алып келели. Руслан Тагаевди колдоп бериңиздер", - деген өңдүү пикирлерин айтышууда.

Белгилей кетсек, 9-февраль күнү Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалып, 4 сааттан соң алынган.

Бүгүн, 10-февралда мэрдин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
medet1983
2021-02-10 12:09:27
Тойгоздунар митингчилер. Беш алты киши чогулуп алып эле митинг кыла берип.Бирин Ташматты кой дейсиң,бириң Эшматтын кой дейсиң.
+3
Sezimim...
2021-02-10 14:06:08
Кекиртек, кекиртек кыйла жерге секиртет болуп... Олду го, итинен битине чейин бийликке секирип. Садыр Ж. бироого толук козу жетпесе убактуулар иштеп тура берсин да убактылуу. 5-6 болуп, митингге чыкаандар да, эптеп ошол адам мэрликке отуруп калса мен да жылуу жерге илешем деген умут менен темселеп журот да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан