Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу жумушка киришти

Жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов толук кандуу жумушка киришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү менен жолугуп, 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларындагы маселелерди жана элдин талаптарын аткаруу алгоритмин талкуулашты.

"Ошондой эле иштеп жаткан турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзам чегинде легалдаштыруу боюнча куруучулардын штабынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү", - дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, Бактыбек Кудайбергенов шаар мэринин милдетин аткаруучу кызматына бүгүн, 10-февралда дайындалды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан