Бүгүн, 10-февралда депутат Бейшеналы Нурдинов малды сыртка сатууга чектөөнү алып салуу боюнча токтом эмне болгонун сурады.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Жаныбек Кермалиев токтом долбоору ошол бойдон турганын айтты. "Жүгөрү өндүрүчүүлөргө уруксат берилген", - деди ал.
Депутат: "Эл мал боюнча маселени көтөрүп жатат. Жаңы бийлик келдиңер качан аткарасыңар? Элге жардам бергиле да", - деди.
Жаныбек Кермалиев бул боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.