Бир суткада 75 жарандан оору аныкталса, 83 бейтап илдеттен сакайды

Бүгүн, 11-февралга карата өлкө боюнча дагы 75 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Акыркы сутка ичинде илдет аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталганын республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары - 32;
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу - 4;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу - 2.

Муну менен өлкө боюнча илдеттен жабыркагандардын саны жалпы 85 миң 328 болду.

Ал эми бир суткада 83 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек – 30;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 32;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 6.
Республика боюнча айыккандардын саны жалпы 82 миң 6га жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан