Биз социалдык тармакта

"Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендер тарабынан кызматкерлерге кол салуулар болуп жатат" дейт аким

"Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендер тарабынан кызматкерлерге кол салуулар болуп жатат", - деп бүгүн, 11-февралда Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал көп баш ийбестиктер болуп жатканын айтты. "Ош базарынын" субъекттеринин жетекчилери менен жолуктук. "Береке", "Беш-Сары" жана башка ар кандай соода-сатык жүргүзгөнгө орундуктар бар. Жашыл базарда 120 орун, эт азыктарын жана ар түрдүү товар сатканга орундар бар. Алар орундуктарды эки айлык мөөнөткө ижарасын бекер кылууга макул. Эшикте соода кылгандар ал жерлерге барганга макул болбой жатышат.
Биздин кызматкерлерге кол салуу фактылары болуп жатат. Булар боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылып жатабыз. Бул жөнүндө дагы маалымат беребиз.
90 пайызы эшикте мыйзамсыз соода кылгандар, алар мыйзамдуу жол менен соода кылганга көнбөй жатышат. Бирок биз баштаган ишти уланта беребиз.
Биз кызматкерлерге соодагерлер менен сылык мамиледе, түшүндүрүү жолу менен иш алып барууларын тапшырма бергенбиз. Бирок соодагерлер тараптан түшүнбөстүктөр көп болуп, алар тараптан пикир-келишпестиктер көп болууда", - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан