14-февраль - Сүйүшкөндөр күнү деп бейформал белгиленип келет. Бул датага жаштар өзгөчө маани берип, бири-бирин куттуктаса, айрымдары баш кошууну пландашат. Быйыл 14-февралда 30 түгөй никесин каттоодон өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.Белгилүү болгондой, Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө 22 жуп никесин каттоодон өткөрсө, Ош шаарында 8 жуптун никеси катталат.
"Быйыл 14-февраль жекшемби күнгө туш келгендиктен нике каттоо мекемелери иштебейт. Мындан улам нике каттоо иши Бишкектеги Бакыт өргөөсүнө жүктөлөт", - деп айтылат билдирүүдө.