Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдин кайда экени аныкталганын айрым жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда маалыматты башкы прокурор Курманкул Зулушев билдиргени айтылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат туура эмес экенин айтты.
"Бүгүнкү күндө экс-министр Кашкар Жунушалиев менен экс-төрага Орозбек Опумбаевдин жүргөн жери аныкталууда. Бул биздин расмий билдирүүбүз", - дешти мекемеден.
Эске салсак, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандыктан бери дайынсыз болууда.