Биз социалдык тармакта

Ошто Чек ара кызматынын жоокери лейкоз дартынан улам көз жумду

8-февралдан 9-февралга караган түнү УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери күтүүсүздөн көз жумду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокер армияга 2020-жылы жазында чакырылган. Өлүмдүн себеби катары миелоиддик лейкоздун курч түрү экени айтылды.

"Катардагы жоокер Ч.С. дарыланган медициналык мекеменин туруктуу көзөмөлүндө болгон. Көрүлгөн бардык чараларга жана көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан аны сактап калуу мүмкүн болгон жок. УКМКнын жетекчилиги жана өздүк курамы аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurka_85
2021-02-11 15:43:18
Кантип эле ушундай дарты менен армияга кабыл алышты? Башка нерсе болуп журбосун.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан