Биз социалдык тармакта

Ала-Бука районунда чек арада Өзбекстандын чек арачылары зым тосууга келгенде чыр чыкты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чек арада Өзбекстандын чек арачылары зым тосууга келгенде чыр чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Кадыркул Курманбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз Ала-Бука районунун Көк-Серек айылындагы Кош-Болот участогунун тургундарыбыз. Өзбекстан тарап барган сайын биз тарапка кирип келип жатат. Чек арада 4 күндөн бери ызы-чуу болууда. Коңшу тараптын чек арачылары келип зым тартканы мамыларды орнотуу үчүн казуу иштерин жүргүзүп баштаганда жергиликтүү тургундар барып каршы чыктык. Андан соң алар кетишти. Ал жерлер негизи биздин үлүш жерлер. Эгер Өзбекстан зым тартып алса, ал жерлер өтүп кетет. Жергиликтүү жашоочулардын үнүн уккан эч ким жок. Аталган жерлер мурда талаш болуп келген, эми аларга ким кол коюп, уруксат берип койгонун билбей жатабыз", - дейт Кадыркул Курманбек уулу.

Аталган маселе боюнча мамлекеттик чек ара кызматына маалымат алуу үчүн чалып, бирок байланыша алган жокпуз.

Ала-Букада чек арада жер талаш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jacob.
2021-02-11 16:02:47
Мэрликти, муфтиятты талашпай чек араны карап коюшса болмок..
+8
Kanybekov94
2021-02-11 16:07:00
Чондордун колунан эч нерсе келбегенден кийин жергиликтуу элдин колуна курал берип коюшпайбы ансыз деле ошолор коргоп келатат
+6
kg627
2021-02-11 16:18:11
Садыр менен Камчыга айткыла.чала болот силерге.
+7
Jigit.12345
2021-02-11 17:48:47
Ош базардын тегерегин тазалагыча мамлекеттин тегерегин тазалагыла биринчи.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан