Тажикстандын аскер күчтөрү Баткен облусунун Ак-Сай айылынын жашоочуларын чек ара аймагындагы жайыттарга киргизбей жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына аталган айылдын тургуну Алимбек Сабиров билдирди.
Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери бүгүн эртең менен келишкен. “Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабында кыргыздардын жайыт тоосу бар. Тажиктер ошол жерге техникасы менен келип жер тегиздөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүн эртең менен аскерлерин чек ара жакка тургузуп коюшуп бизди ал тоо жакка киргизбей жатышат. Азыр айыл эли чогулуп райондун жетекчилерин күтүп жатабыз”, – деди ал.
Аталган маселе боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан жооп боло элек.