Биз социалдык тармакта

Арабада соода кылгандар алынган арабалары кайра берилеби? Тийиштүү мекеменин жообу

"Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү иштери уланууда. Мындан улам аталган базарда арабада соода кылгандар арабаларын жана столдорун алып койгонго нааразы болушууда.

"Буга окшогон иштер буга чейин эле жүрүп келген. Бирок алар кайра алып койгон буюмдарыбызды (араба, стол) беришкен. Бул жолу алар алып кеткен араба, столдорду беришпейт экен. 3 миң сом айып пул төлөйсүңөр дешти. Булар көчөдө унаа туура эмес туруп калса айып пул төлөшөт го, ошондой кылып жатышат. Элдин турмушун кыйынчылыкка салбашы керек", - деди Алмакан аттуу соодагер.

Арабада соода кылгандар алынган араба жана столдору кайра берилеби, берилсе кандай шарттары бар деген суроо менен тийиштүү мекемеге кайрылдык.

"Базарды иретке келтирүү, ыңгайлуу шарт түзүү максатында дал ушул иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Буга чейин чыкпагыла деген эскертүүлөр берилип келген. Ага баш ийбей эле чыгып жатышат.
Мыйзамсыз соода-сатык кылган адамдардын араба, столдору айып короосунда сакталат. Андан соң ээлери барып, буюмдарын алып кетишет. Мыйзамга ылайык, алар арабаларын, столдорун алып кеткенде 3 миң сом айып пул төлөшөт. Мындан сырткары алар экинчи мыйзамсыз соода кылбайм деп тил кат жазып беришет", - дешти Ленин райондук акимчилигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2021-02-11 17:33:16
3000 сому жок эле тил кат жаздырып берип койсонор.
0
forever88
2021-02-11 20:14:14
Биринчи элди жумуш орундары менен камсыз кылгыла, анан алып пул салгыла. Жыргаганынан ысык-суукта журушкон жок.
0
Mina24
2021-02-11 20:39:53
Тууптура алгыла качанкыга чейиин бардак жашайбыз онолушубуз керек базардан места алып аренда тогуп иштегиле же силер болкчосунорбу тратубарда туруп калсан нары бас мандайды тосуп атасын дешет биз откон жолдо эч нерсе жок болуш керек кенен басып отушубуз керек келгиле онолололу жакшы камент жасанар парядак болот кыргыз элим башкалар деле аренда толоп иштеп атат бекер эштеке жок толоп иштесин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан