Биз социалдык тармакта

Музыкалык мектептер үчүн видео сабактар иштелип, китептер басылып чыкты

Бүгүн, 11-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде музыкалык мектептер үчүн басылып чыккан видео сабактардын жана китептердин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага министрликтин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директору Жумакадыр Курмангалиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Устатшакирт плюс” коомдук фондунун көркөм жетекчиси Нурланбек Нышанов жана жаңы басылып чыккан китептердин авторлору катышкан.
Бет ачардын жүрүшүндө, басылып чыккан китептердин артыкчылыктары, жаңылоолор жана видео сабактар тууралуу кеңири түшүндүрмө берилген.
Басылган китептер жана видео мектеп СД дисктер:
1.Б.Марипованын “Музыканын башталгыч теориясы”
2.Т.Осмонованын “Кыргыз салттуу үйлөмө аспаптары үчүн хрестоматия”
3.Видео мектеп СД диск “Темир ооз комуз үйрөнүү”
4. Видео мектеп СД диск “Жыгач ооз комуз үйрөнүү”
5. Видео мектеп СД диск “Сыбызгы үйрөнүү”
6. Видео мектеп СД диск “Чоор үйрөнүү”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muslim_KGstana.
2021-02-11 19:06:53
Эмнеге Миллион тууралуу жазбайсынар?????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан