Биз социалдык тармакта

Биринчи Май райондук сотунда экс-муфтийдин боштондугун талап кылган митинг уланууда

Бишкекте Биринчи Май райондук сот имаратынын алдында экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Ага 50гө чукул адам катышууда.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Акин Токталиевдин SUPER.KG порталына билдирген маалыматына ылайык, Максат Токтомушев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бирок анын пикиринде, бул иш боюнча мурдагы муфтийдин күнөөсү бар экендигин тастыктаган далилдер жок.

"Муфтий мамлекеттик кызматкер эмес, ошондуктан ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалана албайт. Мындан тышкары, иш боюнча Токтомушев мыйзамды бузду деген бир дагы билдирүү жок", - деди Токталиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-феврлда сот Максат ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган. Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2021-02-11 21:25:36
Койгулачы ай
+1
Paprikafm
2021-02-11 21:39:56
Силерге не жагат озу, онолойлу коррупциенерлер камалсын дейсинер, камаса чыксын деп митинг кыласынар, отура бергиле анда коррекциясияга малынып
0
Mirlan27011987
2021-02-11 22:46:02
Молдолор чогулуп алышыптыр. Молдо молдонун козун чукубайт болуп жатат. Садыр Жапаров азаматсын. Коррупция менен курошкон адамды колдош керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан