Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек берген. Анда ал Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болгонго чейин анын былык иштерин билген эместигин айтты. Муну трагедия кылуунун кереги жоктугун билдирди. Ал кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керектигин белгиледи.
9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров да Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайткандыгын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
SUPER.KG порталы "Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Ылайыктуу кадрлар келиш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров кадрлар саат сайын алмашпаш үчүн мамлекеттик кадр кызматы иштеш керек деген пикирин айтты.
"Мамлекеттик кадр кызматы бар да. Кадрларды тандоо боюнча комиссия бар. Ошол жерде сынактан өтүп, резервде тургандар болот. Ошолордун ичинен караш керек. Тийиштүү органдар кызматка келе турган адамды текшериши зарыл. Ошол тармакты оңдоо шарт. Тууганчылыкты, таанышчылыкты салып кызматка орношуп алгандар болот. Ар ким сунуштаган адамдарды кызматка алып келбеш керек. Адистерди кызматка алып келүү зарыл. Кадрлар саат сайын алмашпаш үчүн ушундай жолго баруу абзел", - деди Сабиров.