Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек берген. Анда ал Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болгонго чейин анын былык иштерин билген эместигин айтты. Муну трагедия кылуунун кереги жоктугун билдирди. Ал кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керектигин белгиледи.
9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров да Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.
SUPER.KG порталы "Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Ылайыктуу кадрлар келиши үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?" деген собол салды.
Депутат Марлен Маматалиев кадрлар резерви түзүлүп жатканын белгиледи.
"Кайсы кадр болбосун алардын бардыгы тийиштүү органдардан, андан кийин Мамлекеттик кадр кызматынан сынактан өтүшү керек. Келечекте мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн атайын буга чейин кандай жумуштарды аткарганы боюнча рейтингдер берилип, аткарган жумушу боюнча рейтинг жүрүп туруусу зарыл. Бул база аягына чыгып калса ар бир кызматкерге кесиби боюнча баа берилип турган систем керек. Мындан ары кадрлар резерви дагы түзүлүп жатат", - деди ал.