АКШда бардык жарандарды коронавируска каршы эмдөө июль айында башталат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Жо Байден жергиликтүү телеканалдардын биринде жарандар менен алгачкы түз баарлашуусунда билдирген.
"Июлдун аягында 600 миллион доза вакцинага ээ болобуз. Бул ар бир АКШнын жаранын эмдөөгө жетиштүү болот", - деп билдирген ал.
Буга чейин жапырт эмдөө жазында башталары айтылган. Бирок вакцинанын жетишсиздигинен улам кийинкиге жылдырылган.
"Учурда АКШда улгайган адамдар, медицина кызматкерлери сыяктуу калктын бөлүгү эмдөөдөн өтүүдө. Президент мугалимдерди эмдөөнү айтып, мектептерди эртерээк ачуу керек деген оюн билдирди. Бирок өлкө башчы кадимки жашоо ыргагына кайтууга дагы көп бар экенин эскертти", - деп жазылат маалыматта.