Бразилияда сутка ичинде 20 миңдей жарандан коронавирус аныкталды

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыккан Бразилияда сутка ичинде илдетти жуктургандардын рекорддук көрсөткүчү аныкталды. Тагыраагы, бир күндө аталган өлкөдө дээрлик 20 миңдей жарандан инфекциянын бар экени тастыкталды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, каза болгондордун саны сутка ичинде 888ди түздү. Бир күн мурда өлкөдө каза болгондордун саны 1 миң 179ге жеткени, бул сандар азырынча рекорддук көрсөткүч экени айтылган.
Учурда Бразилияда 291 миң 579 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 116 миң 683 адам айыкса, каза болгондордун саны 18 миң 859га жетти.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан