Борбор калаабыз Бишкекте Кусеин Карасаев жана Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракелери белгиленди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик резиденциясынын “Конгресс-Холл” үйүндө Карасаев, Тыныстановдун 120 жылдык мааракелерине жана 21-февраль – Эне тилинин эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.
"Ага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин чыгаан инсандарынын мааракесине арналган видео тасмалар көрсөтүлүп, украин диаспорасынын өкүлү “Манас” эпосунан “Каныкейдин жомогунан” үзүндүнү украин тилинде айтуу менен катышуучулардын көңүлүнө толду", - деп жазылат маалыматта.