Бүгүн, 1-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 114 миллион 41 миң 134 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 64 миллион 393 миң 710 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 529 миң 897 (+5764) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 603 миң 689 болду. 512 миң 984 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 96 миң 731 адамдан аныкталды. 157 миң 51 адам каза болсо, 10 миллион 775 миң 169 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.