"Sputnik V" дүйнөдөгү эң популярдуу экинчи вакцина болуп калды

"Sputnik V" вакцинасы дүйнөдөгү эң популярдуу экинчи вакцина болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Орусиянын "Sputnik V" вакцинасы коронавирустук вакциналардын арасында аны жактырган өлкөлөрдүн саны боюнча экинчи орунга көтөрүлүп, Pfizer'ден ашып түшкөн. Вакцинаны колдонууга макул болгон мамлекеттердин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду азыр 49 мамлекетте лицензиясы бар "AstraZeneca" вакцинасы ээлейт, андан кийин "Sputnik V" 45 мамлекет менен. "Pfizer" үчүнчү орунда турат (43 өлкө). Андан кийин "Moderna" вакцинасы (19 өлкө), ошондой эле үч кытай вакцинасы - "Sinopharm" (18), "Sinovac" (16), "CanSino" (4). "Johnson & Johnson" вакцинасы сегизинчи орунда турат, аны төрт өлкө жактырган.

"Sputnik V" вакцинасы катталган 45 мамлекеттин жалпы калкы 1,2 миллиарддан ашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolotbek9191
2021-03-06 00:13:34
Ошондо спутник в эн коп сатылган вакцинасы болуп калат окшойт
0
nurdan2018
2021-03-07 10:34:31
Вирусту ойлоп тапкандардын бизнеси журуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан