Депутат Төрөкулов үй камагына чыкты. Жогорку Кеңеш референдум жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 11-март, күнгө бейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.

Референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, "макул" деп 94, "каршы" деп 6 депутат добуш берди.

Кечээ, 10-мартта референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген эмес.

Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары далай ирет талкууга алынып келген. Ал тургай абактагы депутаттын ордуна дагы добуш бергендер болгон.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө сунушталып жатканын айткан.

Жанар Акаев: "Жогорку Кеңештин депутаттары ар бир сессияда ушундай катышып, ушундай иштесе жакшы болмок. Кээ бир депутаттарды чет мамлекеттен чукул келтирип, айрымдарын абактан алып чыгып добуш бердиришти. Кечээ добуш берүү болгондо мыйзам долбоору өтмөк эмес", - дейт.
Референдум жөнүндө мыйзам долбооруна эки мышка менен добуш берген депутаттар болду.

Дүйшөн Төрөкулов үй камагына чыкты

Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Ал Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты.

"Жактоочуларымдын сунушу менен баш коргоо чара өзгөртүлдү. Кечээ үй камагына чыктым", - деди ал.

Мындан тышкары Дүйшөн Төрөкулов анын ордуна башка эл өкүлү добуш бергени боюнча комментарий берди.

"Мен депутат Акылбек Жапаровго ишеним кат бергем. Ошонун негизинде менин ордума добуш берди. Абактын кызматкерлери аркылуу кагаз түрүндө ишеним кат бергем. Сизге ишенем, сиздин чечимге ишенем деп ишеним кат бергем. Мен Акылбек Жапаровго бөркүмдөй ишенем", - деди ал.

Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында, өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
  • Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
  • президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
  • энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;
  • Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;
  • өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;
  • өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;
  • өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;
  • өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;
  • Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;
  • Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.

Садыр Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык "Ташкент" аэропортунан мамлекет башчысын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Депутат бейөкмөт уюмдардын жүргүзгөн иштерин текшерүү керектигин айтты

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов бейөкмөт уюмдардын жүргүзгөн иштерин текшерүү керектигин айтты.

"Өкмөт башчы кызматка келип кардиналдык өзгөрүү кылам деп айткан. Бирок ошол нерсе жок болуп жатат. Өзгөрүүлөр жок. Мамлекеттик идеология барбы? Бакай атабыздын атын жамынган Бакай банкы 8-мартка карата Европадан эркектерди алып келишти. Муну көзөмөлдөгөн министрликтер барбы? Президенттин өкүлүнө дагы кайрылат элем, Орусияда 500дөн ашык бейөкмөт уюмдарын жапкан. КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттин идеологиясына, улуттук ар-намысына, динине, улуттук каада-салтына кол салган уюмдарды жабат. Биз дагы бейөкмөт уюмдарды текшеришибиз керек. Булар биздин улутка туура келбеген жүрүштөрдү, акцияларды уюштуруп жатышат", - деди Шайлообек Атазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан