Карантиндик чектөө кайра кириши мүмкүн экени айтылды

Коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны көбөйсө, карантиндик чектөөлөр кайрадан кириши мүмкүн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Марал" радиосуна берген маегинде билдирген.

"Беткап кийбесек, илдеттин жаңы штаммы келе турган болсо, өткөн июлда болгон окуялар бери жакта калат. Биз бир нерсени бат унутуп калуу адатыбыз бар.

Карантиндик шарттар сакталбагандыгы үчүн толкундар кайра пайда болууда. Элдин арасында оору өсө баштаганда карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизүү керек. Биз да беткап такпай, айтылгандарды укпасак, чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз", - деген Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 79 адамдан аныкталып, 49 бейтап илдетти жеңип чыкса, бир адам каза болду.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
forever88
2021-03-16 20:21:53
Карантиндик чектоо эмес, озунор даяр турушунар керек. Откондон озунор сабака алышынар керек. Дайнынарды таппай калдынар го. База тузуш керек.
+5
Kuban-1207
2021-03-16 22:32:15
Карантиндин кереги жок жөн эле элди кыйнай беришет
+2
Kuban-1207
2021-03-16 22:32:55
Ооруну тилеген акмак неме экен
+5
Nursul
2021-03-17 14:02:26
Дагыбы тажаттыго бул, эл байкуш иштегени биртке акча азык түлүктүн баасы асман чапчыйт анан карантин кирсе эл кантип оокат кылат вирусу жок эле кыйналганыбыздан эле өлүп калабыз го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан