Интернет желеси дүйнөгө кучагын жайгыча жылдыздуу сулуулардын ачык кийинген же болбосо такыр эле кийими жок түшкөн сүрөттөрү жарыяланган жалгыз каражат болгон "Playboy" журналы эми басылып чыкпайт. Бул тууралуу басылманын сайтында жарыяланды.
Белгилүү болгондой басылма 2019-жылдан баштап каржы каатчылыгына байланыштуу кварталына 1 жолу гана чыгып калган. Ал эми коронавирус дүйнөнү каптаган соң компания кризиске учурап, журналды чыгарбоо чечимин кабыл алган.