Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерлердин кургак учук оорусуна кабылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шалаакылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
"Бул иштин алкагында, тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, учурда алардын жыйынтыктары күтүлүүдө. Азыркы маалда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эске салсак, №97632 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокерлерден кургак учук илдети аныкталган. Андан көп өтпөй аталган илдетке кабылган жоокерлердин саны 12ге жеткени маалымдалган болчу.
Ал эми кечээ, 18-мартта Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева кургак учук жуктурган аскерлердин саны 15ке жеткенин кабарлаган.