Индия өлкөсү жергиликтүү заводдордо өндүрүлгөн коронавируска каршы вакциналарды экспорттоону убактылуу токтотту. Буга өлкөдөгү коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын санынын кескин өсүшү себеп болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда айтылгандай, экспорттун үзгүлтүккө учурашы Индиядагы эмдөө планынын кеңейиши менен байланыштуу. Аталган мамлекет өз жарандарын эмдөөнү тездетүүнү көздөп жатат. Тактап айтканда, өлкө бийлиги Индиянын вакцина институту (SII) чыгарган "AstraZeneca" вакцинасынын экспорттолушун убактылуу токтотууга ниеттенүүдө.
"Индиядагы эпидемиологиялык абал турукташмайынча эч кандай экспорттоо болбойт. Өтө көп жарандарыбыз эмдөөгө муктаж болуп турганда өкмөт мындай тобокелчиликтерге бара албайт", - деп айтышкан өкмөттөн.