Премьер-министр ооруканалардын курулушунун жүрүшү тууралуу айтып берди

Премьер-министр Кубатбек Боронов ооруканалардын курулушу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы 100 орундуу инфекциялык оорукананын курулушу алкагында үч блоктун фундаменти тургузулган, төртүнчү блоктун фундаменти 80 пайызга тургузулду. Металл конструкциялары ширетип даярдалып жатат.

Ош шаарындагы 100 орундуу инфекциялык оорукананын фундаменти куюлууда, ал эми объекттин өзүндө 81 адам иш алып барууда.

70 орунга эсептелген Нарын шаарындагы оорукананын фундаменти салына баштады.

Тогуз объектиде оңдоо иштери жүрүүдө, анын ичинде: Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен Орловка ооруканасы (45 орундуу) жана Чолпон-Ата ооруканасы (100 орундуу) оңдолууда, ал эми Кара-Суу районунда (64-лицей), Токмок (250 орун), Баткен (90), Көк-Жаңгак (60), Жалал-Абад (100), Каракол (150), Талас шаарындагы (192) ооруканалар капиталдык салымдар беренеси боюнча каралган каражаттын эсебинен оңдоо иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан