БШК Текебаевдин мандатын Шералы Абдылдаевге тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы Шералы Абдылдаевге депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу чечим аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Ал Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болот. Шералы Абдылдаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп иштеген. 2017-жылы Абдылдаев "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, ага издөө жарыяланган.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Абдылдаевге мандат берүүгө каршы пикирин айтты. "Абдылдаев Текебаев айыпталган берене менен шектелген", - деди ал.

Анда БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Абдылдаев соттолбогонун белгиледи.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 2020-жылдын 23-ноябрында административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан