Бишкек шаардык мэриясы: "Борбордо коронавирус илдети аныкталгандардын саны өсүүдө"

Бишкек шаарында 1-апрелге карата коронавирус илдети 97 адамдан аныкталды. Алардын ичинен 71и лабораториялык жактан тастыкталса, 26сы пневмония. Бул тууралуу Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү борбор калаада илдет аныкталгандардын саны өсүп жатат.

"Бишкек шаарында 2021-жылдын январь айынан тарта 3 миң 355 адам аталган илдетке кабылса, 3 миң 920 адам үй карантинине алынган. Бүгүнкү күндө шаар боюнча 11 бригада иштеп жатат. Учурда 435 орундуу 3 стационар иштеп жатат. Ал жерде 264 бейтап дарыланууда жана 131 бош орун бар", - деди Бактыгүл Исмаилова.

Ошондой эле калаа тургундарын коомдук жайларда жана транспорттордо бет кап кийип, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо керектиги айтылды.

Өткөн суткада жалпы 164 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан