Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев борбор калаадагы жаңы ачылган медициналык жайлар тууралуу кыскача маалымат берди.
Брифинг учурунда Балбак Түлөбаев жарандарга кайрылып, адистердин кеңешин угуп, көрсөтүлгөн эрежелерди сактоого чакырды.
"Менин жакындарымдын арасында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар болду. Аларда оору жеңил жана орто формада өтүп, баары айыкты. Мына шаар мэри Азиз Суракматов дагы дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткаруу менен айыгып чыкты.
Ошондуктан сиздерден суранабыз, эч качан үйдөн өзүңүздөрдү дарылабаңыздар, сөзсүз дарыгерге кайрылып кеңеш алыңыздар, антпесе өмүрүңүздөргө коркунуч жаралып калышы мүмкүн", - деди ал.