Карантин чараларын кайрадан киргизүү бул эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Ар бир аймактын эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөй турган жергиликтүү штабы болот. Бул боюнча алар кырдаалга карап чечим кабыл алышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.
"Ал эми акыркы аптада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптардын саны көбөйүп жаткандыктан кошумча орундар даярдалды.
Улуттук госпиталда 110 керебет (анын ичинен 10у интенсивдүү терапия үчүн). Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 55 орун (анын ичинен 5и интенсивдүү терапия үчүн) даярдалды", - деди Улук-Бек Бектурганов.
Ошондой эле министрдин орун басары 3-толкунга толук даяр экендигин кошумчалап өттү.