Японияда COVID-19'га каршы эмдөөдөн өткөн медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды

Японияда COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, эмдөөдөн өткөн медицина кызматкери вакцинанын биринчи дозасын алган. Анда ал Америка-Германиянын Pfizer жана BioNTech компаниялары биргеликте иштеп чыгарган вакцина менен эмдөөдөн өткөн.

"Эмдөө алган медицина кызматкери 30 жашта болгон. Ал эмдөө алган соң алты күндөн кийин ПЦР-тестинен коронавирус диагнозу аныкталган. Учурда ал ооруканадан чыгарылды жана абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.

Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин айтымында, вакцинанын биринчи дозасын алган соң илдет жугузуп алуу ыктымалдыгы бар. Адистер коронавирус илдети аныкталган медицина кызматкеринде иммунитет пайда болгонго чейин вирус жуктуруп алган деп эсептешет. Ошондой эле санитардык талаптарды биринчи эмдөө алган соң деле сактоо кажет экендиктерин эскертишкен.

Азыркы учурда Япоинияда 4 миллион 800 миңге чукул адам эмдөөдөн өттү. Эмдөө иштери май айында аяктоо пландалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан