Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн видео сабактар көрсөтүлө баштайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн видео сабактар 15-апрелден тарта көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришет.

Ага ылайык, "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" борбору тарабынан жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануунун видео сабактары "Билим жана Илим" (ЭлТР) телеканалы аркылуу эфирге чыгат.

Атайын видео сабактар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки ирет эфирге чыгат. Убактылары: эртең мененки саат 08:05тен 08:45ке чейин жана 17:55тен 18:40ка чейин.

Ошондой эле ушул эле видео сабактар "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" борборунун сайтында http://www.testing.kg/ бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан