Борбор калаадагы окуучулар кайрадан онлайн окууга өтүп, бала бакчалар жабылат

Бишкек шаарындагы мектептер 12-апрелден баштап онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мындай чечим 6-апрелде эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
"Окуунун мындай тартиби борбордо эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланат.
Борбор калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн көчмө бригадалардын текшерүүлөрүнүн саны көбөйтүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алган адамдардын саны күн санап өсүп жатат. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинен жарандар санитардык эрежелерди сактабай жаткандыгын айтышууда.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-04-07 10:27:15
Кокууй, Ошту да онлайн кылбайбы. Күндө барышып бир жакшына окуп атышат,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан