Таиландда дүкөнгө капыстан кирип барган эчки эмер элдин жүрөгүн түшүрдү

Таиландда дүкөнгө капыстан кирип келип, текчелерге чыга баштаган чоң эчки эмер элдин үрөйүн учурду. Мындай видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Маалыматта айтылгандай, видеону дүкөнгө кирген кардар тартып алып социалдык тармакка жүктөгөндөн кийин катуу талкууга алынган. Видео Твиттер, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарда көп жолу бөлүшүлүп, ар түрдүү комментарийлер жазылган. Көпчүлүк колдонуучулар "Мен аябай ачка болгондо", "Карантинден кийин" сыяктуу тамашаларды айткан. Кардар журналисттерге видеосун бүт дүйнө кеп кыларын билген эместигин айткан.

Кийин ошол жердеги адамдар куткаруучуларды чакырып, алп жаныбарды дүкөндөн алып чыгышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эчки эмерлер өлкөдөгү каналдарда жана көлдөрдө жашайт. Бул коркунучтуу жаныбарлар көбүнчө балык, жылан, бака сыяктуу жаныбарлар менен азыктанат. Бул ири жаныбар адамдарга сейрек кол салышат жана кол салуу учурунда чагып алышы мүмкүн.

Таиландда крокодил дүкөнго кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulya583
2021-04-08 19:09:20
Ой тооба кылдым
+3
oopapa
2021-04-09 08:30:48
Эмнеси болсо да жеп жутарларды бир жерге камап, бул жаныбарды да киргизип коюу керек экен. Биздин жеп жутарлар бул жаныбарды да жеп жутуп койсо керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан