Биз социалдык тармакта

Айзада Канатбекованы издөөгө 200дөн ашык милиция кызматкери тартылганы айтылды

Маркум Айзада Канатбекованы издөөгө 200дөн ашык милиция кызматкери тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ШИИББдин жетекчиси Бакыт Матмусаев билдирди.

Матмусаевдин айтымында, ыкчам иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи Май райондук милициянын 60тай кызматкери тартылган.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып бул окуя боюнча милиция кызматкерлеринин ишин шалаакылык деп эсептебей турганын билдирди. "Биздин кызматкерлер түнү-күнү, үйлөрүнө барбастан, кийимдерин алмаштырбай иштеп жатышат. Бүт күч-аракеттерди жасадык", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

Бүгүн, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tolik777
2021-04-08 17:48:01
Калптын казаны кайнабайт...
+7
Shabi
2021-04-08 17:50:34
Караандай калп,200жакын милиция бир машнаны 3кун таппай эмне болуптур.ИИМболушунча актанууга отту
+7
nazira...
2021-04-08 18:05:46
Ошол машинанын ичинде бир чемодан акча бар эле дегенде бир саатка жетпей табышат эле.
+8
AdylbekB84
2021-04-08 18:52:14
Кайсы жерде жүргөнүн телефону аркылуу тапса болмок, апасына, тайэжесине звант этиптирго Айзада! Бир нерсе десең эле тергөөчүлөр бизде укугубуз жок дешет аны текшергенге, каяктагы закондорду кабыл ала бербей ушуга окшогондорго уруксат берүүчү закондорду кабыл албайбылар!
+4
Gulizaa
2021-04-08 19:07:53
200 милиция карап ,даяр материалдар турса Таба алышпаган . Значит аттары эле бар экен!Ишенич почти жок.Кыргызсанда жашагандан да коркуп калдым.
+2
Syrbek_90
2021-04-08 20:57:08
Хуйга издейсинерби андан алдын башкача маалымат бердинер элего пракратура сотко документ жонотобуз приказ келсе издейбиз деп айткансынар элдерди алдасак болоберет дейт окшойт пан баштар
+1
Taalaibek.
2021-04-09 06:31:13
Чынында шалаакылык муну мойнуна алык отставкага кетсе болмок бул ... Бакыт Матмусаев!
0
Mubarak
2021-04-09 09:58:03
Камераларда видео болсо телефону иштеп турса 200милиция кантип таппайт ааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан