реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Кыз менен жигиттин сөөгү Бишкектеги өлүкканада. Учурда экспертиза жүргүзүп жатышат

 
Ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектеги өлүкканада. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары жеринде жүргөн кабарчыга билдирди.
Кыздын жакындарынын айтымында, аны ала качкан бала Алай районунан болот. Учурда анын сөөгү дагы өлүкканада. Бирок бала жактын туугандарынан эч кимиси келе элек.
"Кыздын сөөгүн бүгүн беребиз дешти. Экспертизалар дайындалып жаткан экен. Балыкчы шаарында кыздын апасы жана башка туугандары күтүп жатышат", - деп билдирет кыздын туугандары.
5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: