Биз социалдык тармакта

"Милиция чакырбагыла...". Сүрөтчү кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзадага арнаган эмгегин жарыялады

Сүрөтчү Татьяна Зеленская кыз ала качуунун айынан каза болгон Айзада тууралуу сүрөтүн Фейсбук баракчасына бөлүштү.

"Айзада, Бурулай, башка миңдеген кыздар, кыйкырбагыла, сурабагыла, милиция чакырбагыла. Алар силерге жардам бербейт. Силерди сактап кала алышкан жок, анткени сактайын деген да ойлору жок болчу", - деп айтылат билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.

Бүгүн, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2021-04-09 08:00:14
Милицияны жоюуга болобу? Эгерде эли коргобосо башка элди коргогон орган ойлоп тапса болобу?
+4
Agayu
2021-04-09 11:54:32
Ойду оттой бербегилечи.
0
Taalaibek.
2021-04-09 12:49:28
Agayu,Туура эмес суроо берсем кечирип кой. Мен болгону суроо эле бердим.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан