Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 8-апрелде ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчыда жерге берилди.

Белгилүү болгондой, ал үй-бүлөдө жалгыз болчу. Апасы менен Бишкек шаарында жашап, иштеп жүргөн.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janna19
2021-04-08 17:00:13
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун.Аллахым бейишине алган болсун.
+11
Egizderim-baktim
2021-04-08 17:08:43
Энеси байкуш кантти экен, сабыр тилеймин . Жаратканым куноолорун кечирип, бейишин берсин Оомин
+7
gulya583
2021-04-08 17:16:28
Бейиши болгур. Киши колдуу болсо бейишке тушот деп коюшат беле
+4
AruukyzymTunugum
2021-04-08 22:06:49
Ыйманы саламат болсун
0
Firdaus-Muslim
2021-04-08 22:49:07
Эх, жаш өмүр. Айзаданын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
Ата-энесинн сабыр тилеймин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан