Шри-Ланка полициясы "Дүйнө мисси 2020" Кэролайн Журини "Шри-Ланка айымы" сынагынын жеңүүчүсү Пушипка Де Силвадан таажысын тартып алган соң камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, быйылкы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Пушпики Де Силва башынан жаракат алып, ооруканага кайрылууга аргасыз болгонун билдирген. Ушундан кийин ал полицияга кайрылган.
Эске салсак, Пушипка Де Силвага сыйлык тапшыруу аземинде 2020-жылдын жеңүүчүсү ага кайрылып, Де Силва күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен бул наамды ала албайт деп таажысын тартып алуу аракетин көргөн. Жеңүүчү сахнадан көз жашын төгүп кетип калган, ал эми Кэролайн экинчи орунду алган кызга таажысын кийгизген.
Де Силва полицияга кабарлагандан кийин укук коргоо кызматкерлери Кэролайнды жана иш-чаранын уюштуруучусун суракка алышкан. Натыйжада мушташка катышкан Кэролайн жана Шри-Ланканын дагы бир модели камакка алынган.
"Полиция Кэролайн Жури менен модель Чулу Падмендра камакка алынды", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Кийинчерээк моделдер күрөөгө бошотулуп, 19-апрелде алар сот залына чакырылган.
Ошол эле учурда сынактын уюштуруучулары жеңүүчүдөн эл алдында кечирим сурап, ага таажыны кайтарып берүүнү убада кылышкан.