Колумбияда 104 жаштагы аял коронавирус илдетинен эки жолу жеңди

Колумбияда 104 жаштагы аял коронавирустан эки жолу айыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Колумбиянын Тунья шаарынын 104 жаштагы Кармен Эрнандес аттуу тургуну эки жолу COVID-19 оорусу менен ооруп, айыккан. Алгачкы жолу ал коронавирустан 2020-жылдын июнь айында айыккан. Андан кийин ал 25 жылдан бери жашаган Сан-Хосе-де-Тунядагы карылар үйүнүн башка жашоочулары менен кошо обочолонгон.
Ал эми ушул жылдын февраль айынын аягында ага COVID-19 илдетине каршы эмдөө жүргүзүлгөн. Бирок 8-мартта коронавируска каршы тест тапшырганда вирустун белгилери бар болуп чыккан. Кармен Эрнандес 19-мартта ооруканага түшкөн. Жандандыруу бөлүмүндө ал дем алдыруучу аппарат менен эмес, өз алдынча дем ала алган. 5-апрелде Эрнандес илдеттен айыгып дарыгерлердин кол чабуусу менен ооруканадан чыгарылды.
Айыккандан кийин Кармен Эрнандес карылар үйүнө кайтып барган. Ал Колумбиядагы коронавирустан айыккан эң улуу адам.
Колумбияда 104 жаштагы аял коронавирус илдетинен эки жолу айыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан